• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖОЖдо бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө кайсы адистикке артыкчылык берилээри айтылды

Коом 0

Бишкек, 14.02.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. 2017-жылы өлкөнүн ЖОЖдагы бюджеттик орундар үчүн 5 миң 705 орун бөлүнгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында адискөй билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Евгения Чубукова билдирди.

Анын айтымында, бюджеттик орундарды бөлүштүрүү эмгек базарынын талаптарына жараша болот.

“Бул жылы беш жыл аралыгында адистерге болгон муктаждык боюнча карта жаңыланган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, артыкчылыктуу багыттар болуп төмөндүк адистиктер эсептелинет: айыл-чарба энергетика, тоо-кен өнөр жайы, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы. Ошондой эле педагогикалык кадрларды даярдоо башкы маселе болуп саналат – бюджеттик орундун дээрлик 50% дал ушул адистиктерге багытталган”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий