• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

ЖОЖдордо гранттык негизде билим алуучуларды кабыл алуунун көлөмү жана адистиктердин тизмеси бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2020 окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу жана адистиктердин Тизмесин бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2019-2020-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилип, анын 4903 оруну Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караган жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган гранттык орундар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ведомстволук окуу жайларына берилди.

Гранттык орундарды бөлүштүрүүдө кадрларга болгон муктаждык, ЖОЖдор менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин саны, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүтөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин анализи эске алынган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгына ылайык IT-адистерине суроо-талап өсүп жатат. Буга байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык негизде окутуунун саны көбөйдү.

Белгилей кетсек, гранттык орундарды бөлүштүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы эске алынган. Анда 2040-жылга чейин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп өнөр жай (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, тамак-аш, өндүрүштүк), айыл чарба, энергетика жана туризм белгиленген.

Ошондой эле жалпы гранттык орундардын 316 магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтогу мүмкүнчүлү чектелген жарандарга, жетим балдарга жана иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралган.

Пикир

Оставить комментарий