• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Бул тууралуу өкмөттөгү отурумдун жүрүшүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, социологиялык сурамжылоолор көрсөткөндөй, көпчүлүк мугалимдер патриоттуулук сезиминен улам иштеп жүрүшөт.

“Окутуучу балдарга сүйүү сезимин жана тарбиялуулукту бериши керек. Кыргызстандагы эч бир университет дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайлардын катарына кирген эмес. Бул билим берүү системасын өзгөртүү керектигин билдирет”, - деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал учурда өкмөт бала бакчаларга англис тилин киргизүүнү ойлонуп жатканын белгиледи.

“Биздин балдарыбыз эң аз дегенде 3 тил билиши зарыл. Кыргызчаны билүүгө милдеттүү, себеби ал биздин мамлекеттик тил, орусча - расмий тилибиз. Учурда бала бакчаларда англис тилин үйрөтүүнү ойлонуп жатабыз”, - деди ал.

Премьер-министр ар бир бала мектепке чейинки билимди алышы керек деп эсептейт.

“Өлкөдө 600 бала бакча жетишпейт. Биз өзүбүз ар кандай түзүмдөргө бала бакчалардын имараттарын берип койгонбуз. Мисалы, сотторго, администрацияга, кеңселерге жана башкаларга. 7 миңден ашуун бала бала бакчага кире албай жатат. Бул биздин өлкөбүздүн келечегине жасаган мамилебиз”, - деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал өкмөт менчиктештирилген бала бакчалардын имараттары боюнча маселени кантип чечүү керектигин ойлонушу керектигин айтты.

“Биз мындай имараттарды мониторлоп, аларды эмне кылуу керектигин чечишибиз керек”, - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий