• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖОЖдордун биринин гранттык орундарына мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле алдыңкы мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз жоруктары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында абитуриенттерди мамлекеттик гранттык орундарга мыйзамсыз кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын корутундусуна ылайык Билим берүү министрлигинин кызмат адамдары абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, жогорку окуу жайлары жаатындагы өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган.

Бул буйрукту аткаруунун алкагында жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу адамдары иштелип чыккан жобону аткаруу үчүн КР жарандарынын арасынан абитуриенттерди кабыл алышкан, бул өкмөттөр аралык келишимдин ченемдерине карама-каршы келет.

Ошол эле учурда тергөө тарабынан кабыл алуу процедурасы сырттан келген абитуриенттердин мүмкүнчүлүгүн чектегендигин аныктады, муну гранттык орундарга ачык сынактын жарыяланбаганы жана окууга өткөн студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдө алган салыштырмалуу төмөн баллдары далилдеди.

Мындан тышкары, бул гранттык орундарга кабыл алуу Билим берүү министрлигинин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, аталган жогорку окуу жайдын тандоо системасы аркылуу жүргүзүлүп, абитуриенттерди каттоо бир күн ичинде жүргүзүлгөн, бул өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарына карама-каршы келет.

Бул жагдайлар айрым студенттерди окууга кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип, башка абитуриенттерди кабыл алуу үчүн бирдей шарттарды жокко чыгарат, ошондой эле республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнө негизсиз финансылык оорчулук келтирет.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий