• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды

Билим 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи тур 20-июль саат 14.00дө аяктайт.

Абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун графиги төмөндөгүдөй:

- I тур - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

- II тур - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

- IV тур - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

- V тур – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий