• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЖОЖдорго жана колледждерге каттоонун биринчи туру жыйынтыкталды

Билим 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) жана колледждерге каттоонун биринчи туру жыйынтыкталды, - деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар:

2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар:

бюджетке – 3131 абитуриент, келишимдик негизде - 17685 абитуриент.

Алардын ичинен тандалган колледжге окуй тургандыгын тастыктагандар:

бюджетке - 1866 абитуриент, келишимдик негизде - 10185 абитуриент.

ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру 2022-жылдын 18-июлунда башталып, арыздарды кабыл алуу 20-июлда саат 14:00дө аяктаган.

21-июлда эрте мененки саат 10го чейин автоматташтырылган маалымат системасында кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси жеткиликтүү болду.

2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда ЖОЖдорго катталгандар:

бюджетке-10587 абитуриент, келишимдик негизде - 16189 абитуриент.

23-июль күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында окууну тастыктады:

гранттык негизде – 2748 абитуриент, келишимдик негизде – 8594 абитуриент.

Пикир

Оставить комментарий