• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖРТ өткөрүү боюнча тест кызматын тандоо сынагы жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2025-жылдары Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) өткөрүү боюнча Көз карандысыз тест кызматын тандоо конкурсун жарыялайт.

Тестирлөөнүн ыкмаларын колдонуп, билим берүү жаатында көз карандысыз баалоону өткөрүп келген, кеӊири багыттагы тесттерди өткөрүү тажрыйбасы бар, Мамлекеттик билим берүү стандартынын жана жалпы билим берүү мектеп программаларынын негизинде ар башка предметтерден ар түрдүү тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча тажрыйбасы көп мамлекеттик эмес мекеме өткөрүшү керек.

Талаптар

Тартиби

Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: министрликтин расмий сайтында конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндөгү маалымат чыккандан кийин он алты (16) календардык күндө кечки саат 18.00гө чейин.

Дареги: Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 257, Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы.

Пикир

Оставить комментарий