• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков: ЖРТ өткөрүү үчүн республика боюнча 117 борбор даярдалган

Билим 0

Бишкек, 20.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) өткөрүү үчүн республика боюнча 117 борбор даяр турат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы, 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы, 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы жана 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт.

" Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 16, Баткен облусунда 9, Ош облусунда 22, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 10, Нарын облусунда 9 жалпы республикалык тестирлөө борборлору даярдалган", - дейт ал.

Исаков кошумчалагандай, 13-19-июлда ЖРТнын жыйынтыктары жарыяланып, бүтүрүүчүлөргө таратылат. Окуу жайга тапшыруунун биринчи туру 20-июлда, экинчи туру 27-июлда жана үчүнчү туру 3-августта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий