• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖРТга каяктан даярданса болот? Билим берүү министрлиги даярдануу үчүн онлайн-ресурстарды сунуштайт

Билим 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөө таршыруучу абитуриенттерге тестирлөөгө даярдануу үчүн ойлайн-ресурстарды cунуштайт.

1. ЖРТга даярдануу боюнча колдонмолор кыргыз жана орус тилинде бар. Алар ЖРТга катышуу үчүн каттоодон өткөн ар бир абитуриентке акысыз берилет жана Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтынын (www.testing.kg) Жалпы республикалык тестирлөө бөлүмүндө жайгашкан - http://www.testing.kg/ru/ort-test/besplatnye-broshjury-2016-goda-po-podgotovke-k-ort.html

2. Негизги тесттин бардык бөлүмдөрү жана предметтик тесттердин баарын камтыган кыргыз жана орус тилдериндеги ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтында (http://www.testing.kg/ru/v-pomosch-abiturientu/videouroki-po-podgotovke-k-ort..html) жана ютуб каналында жайгыштырылган –
https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1.

3. ЖРТнын негизги тести боюнча 2019-жылы тартылган жаңы кыргыз тилиндеги видеосабактар Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) сайтында (www.testing.kg), Илим-элим онлайн билим берүү платформасында жана ББОУБнун ютуб каналында бар –
https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1.

4. Кыргыз жана орус тилдериндеги (негизги жана предметтик тесттер) акысыз онлайн (2 вариантта) сынак тест: http://testing.kg/ort/.

4. Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун фейсбуктагы (https://www.facebook.com/testing.kg/) жана инстаграмдагы (https://www.instagram.com/ort_ceatm_official/) баракчаларында ЖРТ тууралуу маалымат, негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу боюнча кеңештер бар.

6. "Кут билим" гезитинде жарыяланган ЖРТнын тапшырмаларынын мисалдары: http://www.testing.kg/ru/ort-test/primery-zadanij-obscherespublikanskogo-testirovanija.html.

Пикир

Оставить комментарий