• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖРТга онлайн каттоо башталды. Тестирлөө оффлайн режиминде өтөт - министрлик

Билим 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда 42 миңден ашык адам каттоодон өттү. “Жалпы республикалык тестирлөө бардык санитардык нормаларды сактоо менен оффлайн түрүндө өтөт. Ар бир окуучу социалдык аралыкты сактоо менен бет капчан отурушат. Бет кап, антисептиктер бары болот. Ошондой эле, ар бир окуучунун дене табы текшерилет. Жогорку температура же коронавирустун башка белгилери байкалса окуучу медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилет”,-деди ал.

Сыдыкназарова COVID-19га шектүү катары тестирлөөгө катыша албай калган окуучуларга ЖРТны кийин тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий