• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖС: Райкүл Жапаровага карата соттордун чечими жокко чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Жогорку сот Райкүл Жапаровага карата биринчи, экинчи жана көзөмөл инстанциясынын чечимдерин жокко чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку соттун 2021-жылдын 25-январындагы токтому менен жактоочуларынын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра жаңылантуу тууралуу өтүнүчү орундатылган.

“Биринчи, экинчи жана көзөмөл инстанцияларынын соттук актылары жокко чыгарылган. Кылмыш иши сотко чейинки өндүрүш үчүн Башкы прокуратурага берилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Райкүл Жапарова 2014-жылы 22-октябрда жана 2015-жылы 3-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунун сырттан соттоосу менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинде (кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга катыштыгы бар), 166-беренесинде (алдамчылык), 221-беренесинде (коммерциялык же башка умдардагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштуулукка айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий