• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жубайлар уруша кеткен. "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы окуя

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Милиция кызматкерлери "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында болгон окуянын чоо-жайын аныкташты.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда “Манас” аэропортунда жаш жигит кызды зордоп унаага салууга аракет кылып жаткан видео тараган. Милиция жаш жигитти издөөгө алган.

ИИМден билдиришкендей, видеого жазылган унааны текшерүү учурунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа Б.К. аттуу жаранга катталганы аныкталган. Бирок, ал унааны 22 жаштагы Ысык-Ата районунун Р.М. аттуу тургуну айдап жүргөнү такталган.

“15-апрелде "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында түнкү саат 01:50дө 22 жаштагы Р.М. жана анын 23 жаштагы Ж.А. аттуу жубайы ортосунда ички келишпестиктен улам түшүнбөстүктөр пайда болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда жубайлардын бири-бирине дооматтары жок экендигин тергөө органдарынан билдиришти. Ага карабастан аталган факты боюнча тергөө өз ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий