• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жугуштуу оорулар ооруканасы толуп, дарыгерлер тынымсыз иштеп жатышат - Аалиев

Ден соолук 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы толуп, күндүзү кабылдамада 5 дарыгер иштеп, түнкүсүн 4 дарыгер кабыл алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн эс алуу күндөрүндө кабылдамага 676 бейтап кайрылып, анын ичинен 220сы жаткырылган. ОРВИ менен кайрылгандардын саны 98ди түзгөн, алардын көбү кичинекей балдар.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтуусунда, бейтаптардын саны көбөйгөнгө байланыштуу дарыгерлер абдан оор режимде иштеп келишет. Учурда стационар толуп калган. Анда 507 адам жатат, бөлүмдөрдө 40-50 адамдан. Алардын ичинен сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу оорулар (КРЖО) менен ооругандардын саны 190 адам. Көбүнчөсү жаш балдар.

“Кабылдама бөлүмүнүн ишин азайтуу максатында калкты КРЖО оорусунун биринчи белгилери пайда болгон кезде өздөрүнүн үй-бүлөөлүк дарыгерлерине кайрылып, ал эми стационарларга дарыгерлердин жиберүүсү менен гана кайрылууну суранабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий