• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир күндө 185 бейтап кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде 185 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 104ү жаш балдар.

"Кайрылгандардын 57си ооруканага жаткырылган, алардын 43ү балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 22 адам кайрылса, 14ү ооруканага жаткырылып, 8 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 37 адам кайрылган, алардын 19у ооруканага жаткырылып, 18 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий