• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир күндө 250 адам кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Жугуштуу оорулар ооруканасына бир күндө 250 адам кайрылган. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүнкү күнгө карата Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 257 адам кайрылган. Алардын ичинен жаш балдардын саны 167 түзөт.

“Ооруканага жаткырылган 103 бейтаптын 86сы жаш балдар. Ичеги-карын инфекциясы менен кайрылган 97 адамдын 46сы ооруканага жаткырылып, 51 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Сасык тумоо менен кайрылган 21 адамдын 14ү оорукана жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий