• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жугуштуу оорулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 31-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору мыйзамдардагы карама каршылыктарды жоюуга жана жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо чөйрөсүндө Кыргыз Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын тактоого багытталган

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий