• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жугуштуу жана COVID-19 оорусун жеңүү үчүн эң натыйжалуу чаралардын бири — эмдөө

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Жугуштуу ооруларды, анын ичинде COVID-19 оорусун жеңүү үчүн эң натыйжалуу чаралардын бири – эмдөө болуп саналат. Бул тууралуу Мамсанэпидкөзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эмдөөлөрдүн жана вакциналардын ийгиликтүү өнүгүшүнүн аркасында илим адамзат тарыхындагы эң жаман ооруну - чечекти жеңди. 20-кылымда бул өтө жугуштуу вирустук оору 300 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алып, глобалдык коркунучка айланган. Чечекти эмдөө менен жок кылуу гана эң күчтүү аргументтердин бири болгон.

“Пандемияга чейин деле вакциналар менен эмдөө адамдардын жашоосун өзгөртүп, бир катар ооруларды жеңген. Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жана сунуштарына жана GMP (Good Manufacturing Practices) эл аралык стандарттарына жооп берет. Ошондой эле ДССУнун алдын ала квалификациялоо процедурасынан өткөн. Биздин өлкөдө профилактикалык эмдөөлөр Улуттук эмдөө календарга ылайык жүргүзүлөт. Эмдөө 13 инфекцияга каршы жүргүзүлөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий