• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жумабай Yмөтов атындагы Эл аралык сыйлык тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Жумабай Yмөтов атындагы Эл аралык сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сыйлык Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Жумабай Yмөтовдун 85 жылдыгына арналган кечеде тапшырылды.

Иш чара Маданият министрлигинин жана Сүрөтчүлөр союзунун колдоосу менен өткөрүлдү. Анда көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк, көркөм эмгекке арналган искусство илими жаатындагы Жумабай Yмөтов атындагы Эл аралык сыйлык ээлеринин көргөзмөсү ачылды.

Жумабай Yмөтовдун чыгармачылыгы элдик көркөм кол өнөрдүн салттуу түрлөрүнүн кайра жаралуусуна зор өбөлгө болгон. Жаңы тарыхый этапта көркөм колдонмо өнөрүнүн түрлөрү Ж. Yмөтовдун чыгармачылыгы менен башталат. ХХ кылымдын 70-90-жылдары тубаса жана көп кырдуу талант Yмөтов советтик көркөм колдонмо өнөрүнө негиз салуучу катары таанылган.

Жумабай Yмөтовдун өлкөбүздүн көркөм сүрөт, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк искусствосуна кошкон эбегейсиз салымын эске алуу менен, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк жаатында иштеген кесипкөй сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык ишмердигин активдештирүү максатында, 2018-жылдын 6-июлунда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен Жумабай Yмөтов атындагы Эл аралык сыйлык негизделген .

Пикир

Оставить комментарий