• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жумабеков: 9-май – биздин эсибизде жана тарыхта түбөлүк кала турган ыйык күн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы кыргызстандыктарды Жеңиш күнүнө карата куттуктады,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Куттукттоо текстин толугу менен келтиребиз:

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери!

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм!

9-май – биздин эсибизде жана тарыхта түбөлүк кала турган ыйык күн. Улуу Жеңиш Совет элинин күжүрмөн аракетинин жана көп жоготуунун арты менен келген, бабаларыбыз мекени үчүн жанын беришкен. Согуш талаасында миллиондогон эр жүрөк аскерлер набыт болгон. Ага карабай ар улуттун өкүлдөрү өз каалоолору менен катталып, согушка аттанышкан.

Мекени үчүн өз күчтөрүн аябай душман менен күрөшкөн көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында кыргызстандык аскерлер да болгон. Жалпысынын согушка 360 миңдей жердешибиз катышып, тилекке каршы алардын көпчүлүгү кайтпай калган. 150 миңдей биздин жоокерлер орден, медалдар менен сыйланышкан. Панфилов дивизиясынын 28 жоокеринин катарында мекендештерибиз Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Григорий Шемякин, Иван Москаленко Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Аны менен катар биз Чолпонбай Түлөбердиев, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев өңдүү аталарыбыздын да эрдигин унутпайбыз.

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери!

Кан күйгөн согуш маалында бардык кыйынчылыкты башынан өткөргөн бабалардын эрдиги элдин эсинде түбөлүк сакталат. Биз сиздердин мекен үчүн кылган эмгегиңердин жана кайратман аракетиңердин арты менен тынчтыкта жашап, ырахат өмүр сүрүүдөбүз. Бардык Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлерине терең таазим этебиз.

Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, дөөлөттүү карылык тилеп, дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайм!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий