• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков: Ааламды багынткан Айтматовдун тили кыргыз барда кылым карытып дагы да жашай берет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мындан туура 29 жыл мурун 1989-жылдын дал ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, анын натыйжасында кылымдарды карыткан кыргыз тилине мамлекеттик макам берилген. Көп өтпөй көз карандысыздыкка жетишип, мамлекеттик тилибиз эгемен Кыргызстандын башкы байлыгына айланды. Албетте бул жылдар аралыгында түрдүү кемчиликтер жана мамлекеттик тилдин макамына көлөкө түшүргөн көп кыйынчылыктар болду. Бирок, кылым карыткан кыргыз тилин урпактан-урпакка калтыруу жаатында да жасалып жаткан иштер арбын. Алсак, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Анда, кыргыз тилинин коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө толук кандуу иштеши, элибиздин биримдигин камсыз кылып, бириктирүүчү ролду аткарары баса белгиленген. Арийне, илим менен техника өнүккөн бул кылымда тил саясатын учур талабына шайкеш жүргүзүү абзел. Эне тилибиз болгон кыргыз тили менен катарлаш башка тилдерди да өздөштүрүүбүз керек. Келечектин туткасы болгон жаш муун кыргыз тили менен катар башка чет тилдерди да мыкты өздөштүрүп, эне тилибизди заманбап технологиянын тилине айлантатат деген ишеничтемин.

«Тилдин ээси — эл» деп кеменгер жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков айткандай, тилди өнүктүрүү бийлик бутактарынын гана милдети эмес. Жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.

Кымбаттуу мекендештер!

Айтылган ар бир макал-лакап, жомок, дастандар кыргыз тилинин учу кыйыры тээ алмуздакка барып такалган алп тарыхка ээ экенин тастыктап турат. Ааламды багынткан Айтматовдун тили, океандай Манасты айткан Саякбайдын тили, Шота Руставелини кыргызча сүйлөткөн Алыкулдун тили миң жашарып, миң кубулуп кыргыз барда кылым карытып дагы да жашай берет.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Дагы бир жолу сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, Ала-Тообузга тынчтык каалайм.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий