• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков: Адам өмүрүнүн дагы бир барагы ачылган бул күнү адамзат өткөн жылга сереп салып, келечегине жакшы үмүт менен карайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды 2018-Жаңы жыл майрамына карата куттуктады.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, Төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 2018 – Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Жыл алмашып, адам өмүрүнүн дагы бир барагы ачылган бул күнү адамзат өткөн жылга сереп салып, келечегине жакшы тилек-үмүттөр менен карайт. Ар бир окуяны жакшылыкка жоруп, жан-дүйнөсүнө жаңылык киргизүүнү каалайт.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Бул жыл биздин өлкө үчүн олуттуу окуяларга мол, жемиштүү жылдардан болду. Мурдагы өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылы катары жарыяланып, өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбызды, айрыкча, жаш муундарды адептүү, ыймандуу, терең билимдүү, сабырдуу кылып тарбиялоого, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө үндөгөн мамлекеттик саясат жүргүзүлдү.

Андан тышкары, саясий айдыңда да ири иш-чаралар өттү. Тагыраагы, эгемендүү Кыргызстаныбыздын тарыхында бийлик мыйзам алкагында, тынч шартта алмашты. Муну менен өлкөбүз аймактагы Конституциялык түзүлүшү бекем, демократиялык багытта алгылыктуу кадамдарды жасай алган мамлекет экенин дагы бир ирет далилдей алды. Биометрикалык маалыматтарга негизделип, жаңы технологиялардын жардамы менен өткөрүлгөн президенттик шайлоо калктын эркин тандоосуна жол ачып, эл аралык байкоочулардын да алкоосуна арзыды. Натыйжада, көптү көргөн көсөм элибиз Сооронбай Жээнбековго ишеним көрсөтүү менен Президент кылып шайлап алды. Жаңы өлкө башчыбыз жалпы Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгы үчүн иштеп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө багытталган иштерди жигердүүлүк менен улантып кетет деген ишеничтебиз.

Кымбаттуу журтташтар!

Жогорку Кеӊеш парламенттик-демократиялык чакырыктын алдында, калк турмушун жакшыртууга багытталган кыйла жаӊычыл мыйзам долбоорлорун даярдап, ар кандай эл аралык макулдашууларды карады. Мындан сырткары, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө ишин жакшыртуу боюнча кабыл алынган 2021-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиябыз жемиштүү улантылууда. Ар бир депутат шайлоочулар менен тыгыз иш алып баруу максатында аймактардагы калктын жашоо-турмушунан кабар алууну салтка айлантып, көйгөйлөрдү жеринде чечүүдө жигердүүлүгүн көрсөтүштү.

Достук менен боордоштуктун аянтына айланган, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйыны быйыл Бишкекте өтүп, уюмга төрагалык кылуу милдети Жогорку Кеңешке жүктөлдү. Эл аралык бир катар уюмдарга мүчөлүк кылган парламентибиз, өлкө кызыкчылыгын дүйнөлүк деңгээлде коргоодо да өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды. Кыргыз парламентинин депутаттары бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу аркылуу, өз ишин, татыктуу уланта бермекчи.

Дагы бир жолу жаркырап кирип келген 2018 – Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Ар бир үйдө бакыттын күлкүсү жаңырып, коломтодон от, жүрөктөрдөн ыйман шамы өчпөсүн! Өлкөбүз өнүгүп, кыргыз жергеси үчүн жакшылыктардын жана ырыс-куттун жылы болсун!

Жаӊы, жылыӊыздар менен!!!"

Пикир

Оставить комментарий