• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумабеков: Айтматов – кыргыз эли гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанган жазуучу

Маданият 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин nөрагасы Дастанбек Жумабеков менен Түркиянын парламентинин спикери Бинали Йылдырым Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктоо аземине катышты.

Айкөл Манас бабабыздын атын алып жүргөн бул окуу жай бир тууган эки өлкө ортосунда курулган туугандык жана достук алтын көпүрөсү болуп эсептелет. Ал ачылгандан бери миңдеген студенттер билим алып, көптөгөн мыкты адистер тарбияланып чыкты. Тажрыйба менен теорияны айкалыштырып, заманбап билим берүү жабдуулары менен камсыздалган бул университет Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына кирет.

Жумабеков мына түрк парламентинин ушул куттуу жайда Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналып өткөрүлгөн иш-чарага катышып жатканы үчүн кубанганын жашырган жок.

«Чыңгыз Айтматов – кыргыз эли гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү сыймыктанган улуу жазуучу. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын мурасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кайра-кайра басылып чыгууда. Кыргыз элин эки улуу инсан бириктирип да, бийиктетип да турат. Анын бири ушул университетке ысымы берилген Манас баатыр болсо, бири – даңазалуу Чыңгыз Айтматов агабыз экени талашсыз. Бир мезгилде Манас бүтүндөй элдин башында туруп, өзүнүн баатырдыгы менен элди жоодон сактап бириктирсе, Чыңгыз агабыз бүтүндөй жер шарына кыргыздын ким экенин, улутубуздун улуулугун таанытты. Анын калтырган бай мурасын сактоо - биздин башкы парзыбыз. Бул жаатта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бир жыл бою көптөгөн иш-чараларды өткөргөнүнөн кабарыбыз бар. Ал үчүн өтө кубанычтабыз», - деди Жогорку Кеӊештин төрагасы.

Ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетине улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата маанилүү маарекелик иш-чараларды өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдирип, башка окурмандар сыяктуу эле өзү дагы алп калемгердин талантына таазим эте турганын, ал эми, кыргыз-түрк достугу да түбөлүктүү болуп, боордош эки эл ынтымак менен биримдиги бекемделе беришине тилектеш экенин белгиледи.

«Түркия экономикасы кыйла жандуу өнүгүп жаткан мамлекеттердин бири болуп саналат. Ал кыска мезгил аралыгында туризм тармагын өнүктүрүү жаатында кыйла ийгиликтерге жетише алды. Түркиянын экономикасы улам жаӊы бийиктиктерди багындырып жатат. Ошону менен бирге, узак мезгилден бери инфратүзүмдөрүнүн сапатын арттыруу жаатындагы долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырып келет», - деп жыйынтыктады өз сөзүн Жумабеков.

Ал эми Бинали Йылдырым Түркияда Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окушарын, аны азыркы замандын залкар жазуучусу катары билише турганын билдирди. Ошону менен бирге, Айтматов планетардык мааниге ээ болгон жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы болуп саналарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий