• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жумабеков Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарага катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөн Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага катышып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төрага өлкөнүн айыл чарба тармагынын калыптануу жолу биз үчүн узун сабак кызык кеп экенин баса белгиледи. «Дыйкандарыбыз менен фермерлерибиздин кажыбаган кайраты, талыкпаган аракети менен биздин дасторконубуз сапаттуу, экологиялык жактан таза дүйүм тамак-ашка толуп турат. Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөнүн айыл чарба тармагы кыйла өзгөрдү. Совет доорунда айыл чарба тармагыбыз ири ийгиликтерге жетишкенин жакшы билесиздер. Ата-бабаларыбыз ак эмгеги менен миңдеген дың жерлерди өздөштүрүп, мал чарбасы менен кайра иштетүү тармагын алдыңкы орунга алып чыккан. Дыйкандар менен фермерлер алардын жолун татыктуу улантуу менен, азыр дагы заманбап технологиялардын жардамы менен өз өнүмдөрүн эл аралык рынокко алып чыгып, кайра иштетип, жаңы жумушчу орундарын ачууда. Алар мындан ары дагы өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошо бере турганына терең ишенем», - деди Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий