• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков «Анадолу мектебинин окуучулары Айтматовдун мекенинде» аталышындагы иш-чарага катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Кечээ, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков «Анадолу мектебинин окуучулары Чыӊгыз Айтматовдун мекенинде» аталышындагы иш-чарага катышты.

Белгилей кетсек, Түркиядагы Анадолу билим берүү мекемелеринин кырк алдыӊкы окуучусу Кыргызстанга келип, өлкөбүздүн табиягый өзгөчөлүктөрү жана салт-санаасы менен таанышууда. Ошондой эле бүгүн Түркиядан келген окуучулар менен бирге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде залкар калемгер Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылыгын даӊазалаган «Анадолу мектебинин окуучулары Чыӊгыз Айтматовдун мекенинде» аталышындагы семинар уюштурулду.

Иш-чарада Төрага Дастанбек Жумабеков түрк дүйнөсүнүн орток жазуучусу саналган Чыӊгыз Айтматовдун бүгүнкү семинарда жаш муундар тарабынан талкууга алынып, жаӊы көз карашта каралып жатышы жакшы көрүнүш экенин айтып: «Өлкөбүздүн келечеги жаш муундардын колунда. Андыктан, мамлекеттер аралык достукту бекемдөөдө жана улуттар ортосундагы ынтымакты чыӊдоодо жаштар арасындагы тыгыз алаканын таасири чоӊ», - деди.

Ошондой эле Төрага Кыргызстан Түркия менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: «Биздин тарыхый байланыштарыбыздын тамыры тереӊде жатат. Мындан ары да бир туугандык, достук мамилелерди өнүктүрүшүбүз керек. Бул үчүн ушундай иш-чараларды тынымсыз өткөрүп, маданий, илимий байланыштарыбызды арттырышыбыз зарыл», - деп кошумчалады.

Андан тышкары, «Биз бийиктикке карай бирге умтулабыз» - деген Төрага, жаштарды жакшы окууга жана түрк дүйнөсүнүн маданиятын толук үйрөнүүгө үндөдү.

Эскерте кетсек, «Анадолу мектебинин окуучулары Чыӊгыз Айтматовдун мекенинде» аталышындагы семинарга Өкмөт мүчөлөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана Чыӊгыз Айтматовдун жакындары катышты.

Пикир

Оставить комментарий