• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: “Апрель революциясынын баатырларынын эрдигин унутпашыбыз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Апрель элдик революциясынын сегиз жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Кайрылуунун текстин толугу менен келтиребиз:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу Апрель элдик революциясынын баатырлары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан Апрель элдик революциясынын күнү менен куттуктайм!

7-апрель - Кыргызстандын тарыхындагы орчундуу орунга ээ күн. Байыртан биздин элибиз эркиндикти сүйгөн мүнөзү жана өз оюн ачык айта алган кайратмандыгы менен таанымал. Кыргыздар дайыма адилеттик менен жаратмандыкка өзгөчө маани берип, салт-санааны сактоого аракет кылышкан. Айрыкча, элибизде үй-бүлөлүк-кландык башкаруу өөн учурап, эркиндик менен көз карандысыздык баарынан бийик турган.

Алсак, 2010-жылы бийлик өз билемдигин кылып, мамлекетибиздеги башаламандык жогорку чекке жеткен. Ошол, 7-апрель каргашалуу күнү үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан тажаган кыргызстандыктар Өкмөт үйүнүн алдына келип, кандуу режимди кулаткан. Бирок, тилекке каршы ал күрөш көп жоготуулар менен коштолуп, эр жүрөк азаматтарыбыздан айрылдык, көптөгөн жарандарыбыз жаракат алды. Биз дайыма ошол каргашалуу күндө каза болгон мекендештерибизди терең кайгыруу менен эскеребиз. Кыргызстандын тарыхындагы азаптуу күндөрдү алмаштырып, жаркын келечегибиздин пайдубалын түптөгөн ар бир Апрель элдик революциясынын баатыры эч качан унутулбайт.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Кандуу окуяда эл үчүн шейит кеткен эр-азаматтарыбызды эскерүү биздин башкы милдетибиз. Айрыкча, башталган реформаларды улантып, койгон максаттарыбызды ишке ашыруу учур талабы. 2010-жылдан берки сегиз жыл аралыгында көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечирдик, жетишкендиктер да арбын болду. Мындан ары да мамлекетибиз жана өлкө келечеги деп башын байлаган эр-азаматтарыбыз үчүн көп иштерди жасашыбыз керек. Ошондо гана биздин мамлекет өнүккөн өлкөгө айланат деп ишенем. Апрель революциясынын баатырларын ар убак эскерүү менен алар койгон максаттарды ишке ашырып, көздөгөн багытыбызды улантуубуз зарыл.

Урматтуу Апрель элдик революциясынын катышуучулары!

Сиздердин баатырдык мүнөзүңүздөр, мекенчил сезимиңиздер өлкө келечегин өзгөртүп, мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө болду. Жалпы кыргыз элинин мекенине болгон сүйүүсү жана аны көздүн карегиндей сактоого кылган далалаты бийик экенин сиздер тастыктадыңыздар. Анткени, намыс, эрк, мекенчилдик жана ата-журт үчүн баарына даяр туруу элибизге таандык улуу сапаттар. Мындан аркы да башкы милдетибиз кыргыз мамлекетин бекемдеп, биз менен сыймыктана турган татыктуу уул-кыздарды тарбиялоо болуп эсептелет.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий