• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Баарлашууда аталган аймакка тиешелүү инфратүзүмдүк маселелер айтылып, жергиликтүү кеңештин депутаттары жолдордун начардыгы, таза суунун жетишсиздиги тууралуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Андан тышкары, эл өкүлдөрү жерлерди трансформациялоону тездетүү зарылчылыгын белгилешип, аймакка атайын адистешкен тез жардам унаасы өтө керектигине токтолушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Ильхом Маннанов жана тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышып, айтылган маселелер боюнча бардык суроолорго жооп беришти. Ал эми төрага Дастанбек Жумабеков көйгөйлөрдү чечүү ишин өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

“Өз аймагын өнүктүрүүгө далалат кылган жигердүү депутаттарыбыздын бар экени кубандырат. Албетте баарыбыз биргелешип аракет кылуубуз кажет. Бул биздин башкы милдетибиз. Мындан ары да өз айылыңыздардын өнүгүшү үчүн эмгектене бергиле. Ал эми Жогорку Кеңеш керектүү мыйзамдарды кабыл алып, айыл турмушун оңдоого зарыл болгон сунуштарды колдоону уланат”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий