• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков: «Ата-Мекенди коргоо – ар бир кыргызстандыктын ыйык парзы»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.02.18. /Кабар/. КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Төраганын куттуктоосунун тексти:

Кадырлуу мекендештер!

Урматтуу Ата-Мекенди коргоочулар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

23-февраль-бүткүл өлкө үчүн даӊазалуу, сыймыктуу жана эскерүү күнү. Ата-Мекенди коргоочулардын күнү – биздин тарыхыбыздын шаӊдуу жана маанилүү майрамы. Аскер кызматын жана каармандыкты кадырлоо ар бир коомдо тереӊ тамыр алган. Мурдатан келе жаткан салтка жараша бул «эркектердин майрамы» аталып келет, анткени куттуу үйдү жана Ата конушун коргоо – байыртадан ар бир эркектин ыйык парзы болуп келген. Азыркы кезде, биринчи кезекте, 23-февралда аскер кызматчыларын, жалаӊ гана эркектерди эле эмес, аял затын да куттуктап келебиз.

Ата журт – бул ата-эне, үй бүлө, анан да ачык асман. Демек Ата-Журттун коргоочусу болуу – ардактуу жана жооптуу. Ошондуктан жоокерлер ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу, Мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга ата мурасы катары өткөрүп келет. Ар бир жаран үчүн Ата-Журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок.

Ата-Мекенди коргоочулардын күнү – армиядагы катаал кызматты өтөшкөн каарман жана эрктүү адамдардын гана эмес, бүгүн ар бирибиздин бейкутчулугубузду жана тынчтыгыбызды сактап, катарда кызмат өтөп тургандардын майрамы.

Бул биздин өлкөгө берилүү менен кызматын ак өтөп жаткандардын, бүткүл күчүн жана билимин, кубат-демин жана талантын анын гүлдөп өнүгүшүнө арнагандардын, кандай гана учурда болбосун Ата-Журт алдындагы өзүнүн ыйык милдетин аткарууга белен тургандардын майрамы

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу майрамыӊыздар менен куттуктайм! Ар бир үйдө, жалпы эле Мекенибизде бейкутчулук, ырашкерлик өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун! Жакшылык менен токчулук жылоолоп, ар бир үйгө кут консун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Д. Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий