• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанатка катышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Азербайжан Республикасындагы иш сапары башталды. Делегациянын курамында депутаттар Талант Мамытов (Республика - Ата Журт) менен Тазабек Икрамов (Өнүгүү-Прогресс) бар.

Жогорку Кеңештин депутаттары иш сапардын алкагында Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажлисинин 100 жылдыгына караты уюштурулган иш-чараларга катышат.

Ошондой эле парламенттик делегация Улуттук Мажлистин төрагасы Октай Асадов менен жолугушуп, Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшат. Андан тышкары, ТүркПАнын катчылыгына барып, мекеменин иши менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий