• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков Азербайжан Улуттук Мажлисинин Төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына карата белгиленген иш-чаралардын алкагында Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажлисинин Төрагасы Октай Асадов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин Төрагасы кесиптешине чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Улуттук Мажлистин жалпы депутаттарын жана бардык Азербайжан калкын парламентинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктады.

Андан сырткары, Төрага Дастанбек Жумабеков Азербайжан мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы эл өкүлдөр жана демократиялык институттардын өнүгүшү, ошондой эле улуттук жаңыруу жана өзүн-өзү таануунун калыптанышы менен тыгыз байланышта экенин баса белгиледи.

Муну менен катар Кыргызстан менен Азербайжан бир тууган мамлекеттер жана эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөштөр экенин айткан Дастанбек Жумабеков: “Салттуу достук байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө эки боордош эл биргелешип аракет көрүп жатканы кубандырат”, – деп кошумчалады.

Ал эми парламенттер аралык кызматташтыкты жакшыртуу тууралуу да сүйлөшкөн тараптар депутаттык достук топторунун өз ара байланышын чыңдоо менен эки тараптуу иш-сапарларды уюштурууга макулдашты.

Ошондой эле ТүркПАнын ишмердүүлүгүнүн келечеги жөнүндө да баарлашкан парламент жетекчилери аталган Парламенттик ассамблеянын ноябрь айында Измир шаарында (Түркия) өтүүчү 8-пленардык жыйыны боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда делегация башчылары боордош түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы үчүн ТүркПАнын маанилүүлүгүн баса белгилешип, келечекте ассамблеянын ишмердүүлүгүн дагы да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолушту.

Андан тышкары, сүйлөшүү учурунда соода-экономикалык мамилелерге тиешелүү маселелер көтөрүлүп, бул жааттагы эки өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн биргелешкен аракет жана жагымдуу инвестициялык шарттардын негизинде гана көтөрүүгө болору айтылды.

Баарлашуунун соңунда Улуттук Мажлистин Төрагасы О.Асадов Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековду расмий сапар менен Азербайжан Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий