• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жумабеков Азербайжан Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадовго көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Азербайжан Республикасынын Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадовго Баку шаарындагы наркологиялык борбордо көп адамдын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда мындай деп айтылат:

“2018-жылдын 2-мартында Баку шаарындагы наркологиялык борбордо көп адамдын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”

Пикир

Оставить комментарий