• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: Бүгүн олтургузулган ар бир көчөт калаа тургундарына жана шаар конокторуна кубаныч тартууласын

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын түштүк магистралында уюштурулган ишембиликке катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында жол жээгине липанын жана чынар теректин көчөтүн олтургузушту. Аталган дарактар экологиялык жактан гана пайдалуу болбостон, жол жээгине көрк берип тургандыгы менен да белгилүү.

Ар бир тигилген көчөткө өзгөчө камкоордук кылуу керектигин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков, алар өсүп чыкса көчө жээктери кооздукка чулганарын билдирди.

"Биз калаабыздын көркүнө-көрк кошуп, экологияны таза сактоого аракет кылуубуз абзел. Акыркы жылдары өлкөбүзгө түрдүү дарактардын көчөттөрү алып келинүүдө. Андыктан, борбор калаанын гана эмес, башка шаарлардын да абалына көӊүл буруубуз зарыл. Ысык-Көлдөгү иш сапарымда да бул маселеге токтолуп, Балыкчы шаарын көрктөндүрүү боюнча жергиликтүү жетекчилик менен сүйлөштүк. Алар шаарга кандай дарактарды өстүрө тургандыктары тууралуу ойлору менен бөлүштү. Мындай иштер башка шаарларда да колго алынганын билем. Бирок, аларды олтургузуп коюу менен гана чектелбей, эмгектенип жакшы кароо да керек. Бүгүн парламент кызматкерлери тарабынан олтургузулган ар бир көчөт келечекте калаа тургундарына жана шаар конокторуна кубаныч тартуулайт деп ишенем", - деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий