• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: Баарыбыз бирге болуп, мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн кызмат кылышыбыз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нооруз майрамына карата Нарын шаарындагы борбордук аянтта уюштурулган салтанатка катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү администрация шаар меймандарына жана тургундарына жаш бийчилердин жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда майрамдык концерт тартуулады. Салтанат театралдык оюн-зооктор менен коштолуп, келгендерди кайдигер калтырган жок.

Төрага Дастанбек Жумабеков майрам алкагындагы бул жолугушуу жагымдуу маанай тартуулаганын белгилеп, Нарын облусунун тургундарына ыраазычылык билдирди.

"Нооруз - бул жаӊы жашоону жар салган, жаӊы күндүн майрамы. Ушул жыл тогошкон улуу күндү силер менен тосуп жатканыма сыймыктанам. Биздин парламенттик делегация эки күн Нарын облусунда болуп, бир катар социалдык мекемелердин абалы менен тааныштык. Айтылган маселелерди парламентте көтөрүп, чечүүгө аракет кылабыз", - деди Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Жогорку Кеӊеште жасалып жаткан иштерге да токтолгон Төрага: "Парламент өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу багытындагы мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алууда. Бирок, мамлекетибиздин өнүгүшү ар бир кыргызстандыктын аракетине көз каранды. Андыктан, баарыбыз бирге болуп, мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн кызмат кылышыбыз керек", - деп кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусунда эки күндүк иш сапар менен жүрөт. Төраганын иш сапарын коштогондордун катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Алмазбек Акматов жана тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий