• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жумабеков: Баатырлардын аты түбөлүк калышы үчүн коюлган максаттарды биргеликте ишке ашырышыбыз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Апрель элдик революциясынын сегиз жылдыгына карата Т.Сатылганов атындагы филармонияда өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада 2010-жылдагы үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштө эрдик көрсөтүп, жанын берген кыргызстандыктардын каармандыгы тууралуу театрлаштырылган программа тартууланды.

Төрага Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктар бүгүнкү тынч жашоо жана өлкөнүн мындан аркы жаркын келечеги үчүн жанын берген баатырларды унутпай, эстеп жүрөрүн билдирип: “Апрель элдик революциясынын ар бир баатыры өз өмүрүн өлкө келечеги үчүн арнады. Алардын аты түбөлүк калышы үчүн коюлган максаттарды биргеликте ишке ашырышыбыз керек. Ошондо гана өлкөбүз күчтүү жана өнүккөн мамлекетке айланат деп ишенем. Коррупцияга каршы олуттуу күрөш башталып, акыркы сегиз жыл аралыгында көптөгөн ойлор жана пландар ишке ашты. Бирок биз багытыбызды дагы да улантып, алдыга кадам шилтей беребиз”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары, иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын өкүлдөрү, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү коомдук ишмерлер жана Апрель элдик революциясынын катышуучулары болду.

Пикир

Оставить комментарий