• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: Балдардын асыл тилек, аруу үмүттөргө толгон дүйнөсү жашообузга жарык чачып турат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата куттуктады.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын куттуктоосу:

"Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ардактуу бөбөктөр!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн биздин келечегибиз болгон жаш бөбөктөргө арналып, алардын аруулугун, тазалыгын даңазалаган маанилүү майрам. Анткени, наристенин асыл тилек, акактай аруу үмүттөргө толгон дүйнөсү, жашообузга жарык чачып, эртеӊибизге жол көрсөтүп турат. Ошондуктан, ар бир наристе балалыгын бактылуу өткөрүп, эркин коомдо, татыктуу таалим-тарбия, ар убак медициналык колдоо алуусу керектигин белгилейм. Ал үчүн баарыбыз кам көрүшүбүз абзел.

Балдарга камкордук кылуу – бул коомубуздун туруктуу өнүгүшүнүн башкы шарттарынын бири. Аларды коргоого алуу – алгачкы мээрим, билим жана сүйүү тартууланып, наристенин дүйнө таанымы калыптанган үй-бүлө институтуна социалдык жардам көрсөтүүдөн башталат. Айрыкча, кыйын кырдаалда жашаган мигранттардын балдары, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер, көпчүлүктүн көңүл сыртында калган өспүрүмдөр зор камкордукка муктаж. Мындай балдарга биз биринчи кезекте көмөк көрсөтүп, аларды колдоо менен туура жашоого багыт беришибиз зарыл.

Менин кичинекей досторум!

Силерди дагы бир жолу Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм. Баарыңарга жаркын келечек, бекем ден-соолук жана узак өмүр тилейм. Улуулардын камкордугуна чулганып, мээримине бөлөнүп чоңое бергиле".

Пикир

Оставить комментарий