• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков Балыкчыдагы тоо кен техникаларын жана жабдыктарын тейлөө борборуна барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында «Кыргызалтын» ААКнын автоунаалар ишканасынын аймагында жайгашкан тейлөө-борборго барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул тоо кен техникаларын жана жабдыктарын тейлөө-борборунун жалпы аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Ал техникалык тейлөө боюнча дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана Кыргызстандагы жалгыз ишкана болуп саналат. Тейлөө-борбору өлкөдөгү бардык тоо кен өнөр жай ишканалары, анын ичинде “Кумтөр” сыяктуу компаниялардын техникаларын оңдоп берүүгө жөндөмдүү.

Учурда анда ири техникаларды оңдоо үчүн атайын окуудан өткөрүлгөн кырк адис эмгектенет. Он беш күндөн кезектешип иштеген кызматкерлердин жатып иштөөсү үчүн бардык тиешелүү шарттар толугу менен түзүлгөн.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай тейлөө-борборлорунун уюштурулушу калкты жумуш менен камсыздоодо мааниси жогору экенин белгилеп: “Ошондой эле облустун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуучу ишканалардын техникаларын ыкчам оңдоого көмөкчү болот,” – деди.

Пикир

Оставить комментарий