• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков баштаган депутаттар ТүркПАнын 10 жылдыгына карата уюштурулган конференцияга катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. 20-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Түркия Республикасынын Измир шаарында уюштурулган "ТүркПАнын алгачкы он жылы жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги: кызматташтыкка карай жаӊы кадамдар" аталышындагы конференцияга катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков кыргыз элинин, Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеӊештин атынан бардык боордош түрк элдерин Ассамблеянын 10 жылдык маарекеси менен куттуктап: "Он жыл мурун Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлүшү бир тууган мамлекеттердин кызматташтыгын арттырган маанилүү тарыхый кадам болгон. Андан бери Ассамблеябыз бардык сыноолордон татыктуу өтүп, дүйнөдөгү парламенттик абройлуу уюмдардын катарына кирди", - деп кошумчалады.

Андан сырткары, Ассамблея бардык эл аралык маселелер кеӊири талкууланган аянтчага айланганын айткан Дастанбек Жумабеков: "Айрыкча, бирикменин туруктуу Комиссияларынын алкагында ар тараптуу баяндамалар даярдалып, парламенттерибиздин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө тиешелүү сунуштамалар иштелип чыгууда. Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтык кеӊейип, тажрыйба алмашуу жаатындагы алакалар артууда", - деп белгиледи.

Маарекеге байланыштуу уюштурулган конференцияда 10 жыл ичиндеги жетишкендиктер менен кемчиликтер ачык-айкын талкуулангандыгын эске салган Жогорку Кеӊештин Төрагасы, ченемдик-укуктук актылары жана башка органдары калыптанган Ассамблея алдыда турган чоӊ максаттарды ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Батыш менен чыгышка ишенимдүү көпүрө болгон түрк тектүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгы маданий байланыштар менен да уланып жатканын айткан Төрага, буга түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Азербайжанда уюштурулган иш-чараларды мисал кылды.

Сөз соӊунда Төрага Ассамблеянын 10 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан бул конференция кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө чоӊ салым кошорун билдирди.

Ошондой эле конференцияда, Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Бинали Йылдырым, Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов жана Казакстан Парламент Мажлисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин баяндама жасады. Алсак, Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов бир тууган элдердин кызматташтыгын орток бирикмелердин алкагында арттыруу зарылчыгын белгилесе, Казакстан Парламент Мажлисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин парламенттер аралык байланыштар түрк тектүү элдердин өнүгүшүнө өбөлгө болорун кошумчалады. Ал эми Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым: "Биз бийиктиктерди биргеликте гана багынта алабыз. Ал үчүн ар тараптуу алакаларды арттырып, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөбүз кажет", - деди.

Эскерте кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин делегациясы ТүркПАнын жыйындарына катышуу үчүн Түркия Республикасынын Измир шаарында иш сапар менен жүрөт. Делегация курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов бар.

Пикир

Оставить комментарий