• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумабеков баштаган ЖК делегаттары Өзбекстанга барышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегаттары 20-декабрда расмий иш сапар менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) барат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган расмий иш сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиёев, Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашев жана Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Н.Исмаилов менен эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген.

Андан тышкары, делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аталышындагы туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын биринчи Президенти И.Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюу иш-чарасына да катышат.

Эске салсак, аталган иш сапар Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашевдин атайын чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий