• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрь күнү саат 06:10 чамасында жааган кардын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-76-
чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор жок. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Кара-Кулжа райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы, №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылган. Учурда жеринде кар көчкүнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий