• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Париж тынчтык форумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. 11-12-ноябрь күндөрү Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына карата Париж шаарында алтымыш мамлекеттин жетекчилеринин катышуусу менен өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков менен Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу өттү. Жолугушууда Төрага Франция мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дубай саламын билдирди.

Аны менен катар Дастанбек Жумабеков Президент Сооронбай Жээнбеков Франция Президентинин чакыруусун кабыл алгандыгын жана 2019-жылы Францияга иш сапар менен келерин маалымдады.

Өз кезегинде Эммануэль Макрон Франция үчүн эң маанилүү саналган иш-чарага Кыргызстан тараптын катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы 12-13-ноябрь күндөрү өтүп жаткан Париж тынчтык форумуна катышты.

Форумдун пленардык отурумунун алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Париждеги китепканага Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдугун тапшырды.

“Чыңгыз Айтматов – чыгармалары аркылуу биримдик менен тынчтыкты даңазалаган кыргыз элинин залкар жазуучусу жана улуу ойчулу. Анын руханий бай мурасы келечекке багыт берүүчү компас катары кызмат кылат. Айрыкча, кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын бермети болгон Айтматовдун чыгармалары сиздердин китепкананын фондун толуктап жаткандыгы үчүн кубанычтамын”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Эске салсак, 1918-жылдын 11-ноябрында Компьен токоюнда Биринчи Дүйнөлүк Согуштагы аскердик аракеттерди токтотуу боюнча келишимге жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий