• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында салынып жаткан спорттук комплекстин курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттар тобу Жалал-Абад жана Ош облустарындагы иш сапардын алкагында Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында салынып жаткан спорттук комплекстин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Өткөн жылдын июль айында курулушу башталган спорттук жайга республикалык бюджеттен 25 млн сомдой акча каражаты каралган. Анын азыркыга чейин 17 млн. сомдон ашууну каржыланып, комплекстин имараты тургузулган.

Төрага Дастанбек Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер, өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө экенин айтып, айыл элинин саламаттыгы жана жаштардын келечеги үчүн бул спорттук комплекстин маанисин баса белгиледи. “Себеби, заманбап спорттук жабдуулар менен камсыздалган имараттын ишке берилиши, жергиликтүү элдин ден-соолугун чыӊдоого көмөкчү болот.Ушул жайдан жалпы өлкөнүн намысын коргогон спортчу уул-кыздар өсүп чыксын", - деген тилегин билдирди.

Ошондой эле комплексти өз убагында бүткөрүү менен катар, анын сапатына да көӊүл буруу зарылчылыгын айткан Төрага, каражат убагында бөлүнүшү керектигин кошумчалады. Алсак, аталган спорттук жай ушул жылдын 30-декабрында ишке берилери мерчемделген.

Эске салсак, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад жана Ош облустарында жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий