• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков Бишкектеги жаӊы мечиттин курулушу менен таанышты (сүрөт)

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 29-июнда ордо калаада жаӊы курулган мечитте болуп, анын имараты менен жеринде таанышты, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы. Жаӊы курулган мечит өлкө аймагындагы эӊ ири мечит болуп калышы ажеп эмес.

Мечиттин долбоору боюнча Кыргызстан менен Түркиянын муфтияттары биргелешип иш алпарып, түрк тарап анын курулушуна 25 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүп берген. Мечиттин бийиктиги 40 метрге, ал эми анын мунараларынын бийиктиги 70 метрге чейин жетет.

Анын имараттары толугу менен Түркиядан алынып келген мармар таш менен капталган. Курулушка жергиликтүү материалдар да колдонулду. Имараттын ички бөлүктөрү түрк чеберлери тарабынан кооздолду. Андан тышкары, мында «жылуу пол» менен видеобайкоо жабдуулары, лифттер орнотулду. Ошондой эле, зыяратка келгендер автомашиналарын өзүнчө жайларга токтото алышат.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай ири курулуш көп сандагы момун мусулмандардын зыярат кылуусуна мүмкүнчүлүк берип, ордо калаанын архитектуралык түзүлүшүнө көрк кошо турганын

Пикир

Оставить комментарий