• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумабеков: “Бишкектеги жашоо-шартты жакшыртууга жана шаарларды жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу керек”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган КРнын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын Эркиндик бульварында уюштурулган ишембиликке катышты.

Иш-чара шаарлардагы жана республиканын калктуу пунктарындагы санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана бак-дарактуу аймактардын аянтын кеңейтүү багытында жарыяланган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Ишембиликке катышкандар Эркиндик бульварына 350 эмен көчөтүн отургузуп, жол жээктериндеги таштандыларды тазалашты.

Борбор калааны жашылдандырууга жана дарак көчөттөрүн отургузууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков: “Акыркы жылдары шаарлардагы жана айылдардагы жашоо шартты жакшыртуу менен экологияны коргоо маселесине жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, өзгөчө маани берилүүдө. Ага ылайык, жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери да ишембиликке чыгып, көчөттөрдү тигүү менен бөлүнгөн аймактарды тазалап келет. Бүгүн биздин кызматкерлер тарабынан олтургузулган ар бир көчөт келечекте калаа тургундарына жана шаар конокторуна кубаныч тартуулап, калааны көрккө бөлөйт деп ишенем”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий