• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков: Биздин жыйын Кыргызстан менен ТүркПА өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туш келгени өтө кубанычтуу

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) VII пленардык жыйынында чыгып сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстан ТүркПАда төрагалык кылган мезгилде жасалган жумуштар үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. Ал бул мезгил аралыгында уюмду чыӊдоо иши кыйла жандана түшкөнүн кошумчалады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Төрага Ассамблеянын өнүгүшүнө кошкон орчундуу салымы үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык айтып, ал былтыр ТүркПАнын Катчылыгынын жаӊы имаратын акысыз куруп бергенин белгиледи. «Түрк тилдүү элдерди жакындаштыруу, ортосунда жылуу жана достук мамилелерди колдоого алуудагы көмөгү үчүн Түркия тарапка да ыраазычылык билдиргим келет», - деди ал.

Ага улай, Дастанбек Жумабеков ТүркПАга төрагалык кылуу милдетинин кыргыз тарабына өтүшүнө кайрылып, түрк тилдүү элдердин парламенттер аралык бирикмесин андан ары өнүктүрүү жоопкерчилигин көӊүлгө алуу менен, биз Ассамблеянын алкагында парламенттер аралык байланыштарды сапаттык жаӊы деӊгээлге чыгаруу үчүн баардык аракеттерди жасай турганына ишендирди.

«Белгилей кетчү нерсе, Ассамблеянын буга чейин Бишкекте өткөн жыйыны Азербайжан, Казакстан, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгында болгон эле. Азыркы жыйын болсо, Кыргызстан менен ТүркПА өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туш келгени өтө кубанычтуу», - деди Төрага.

Пикир

Оставить комментарий