• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, ишкерчиликти өнүктүрүү багытындагы сапаттуу мыйзамдык базаны түзүү максатында түзүлгөн аталган Кеңештин жыйыны байма-бай уюштурулуп келет.

Бүгүнкү иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында бир катар маселелер каралып, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу көйгөйү да талкууланды. Тагыраагы, калк керектеген товарларды ташуучулар менен соода тармактары ортосундагы өз ара байланыштар тууралуу сөз жүрдү. Андан тышкары, жарандык авиация көйгөйү да көтөрүлүп, өлкөгө “Ачык асман” саясатын киргизүү чаралары айтылды.

Ошондой эле жыйын катышуучулары “Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамына киргизилип жаткан түзөтүүлөргө токтолушуп, аталган жаатта камсыздандыруу ишин жүргүзгөн кызматкерлердин санын көбөйтүү маселесин көтөрүштү. Эске салсак, ата-мекендик мыйзамдарга ылайык камсыздандыруунун ушул түрү боюнча кызмат көрсөткөн жалгыз камсыздандыруу уюму болуп Мамлекеттик камсыздандыруу уюму эсептелет. Азыркы учурда республиканын турак фондунун 10%дан азы милдеттүү камсыздандырууну камтыды. Мындан сырткары, Мамлекеттик камсыздандыруучу компания тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну жүргүзбөйт. Ал эми жеке компаниялар жергиликтүү жана чет өлкөлүк камсыздандыруучу уюмдардагы кайра камсыздандыруу тажрыйбасына ээ, алар өз кезегинде камсыздандыруу болуп калган учурда керектөөчүлөргө белгиленген сумманы төлөп берүүнү кепилдейт.

Төрага Дастанбек Жумабеков “Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” Мыйзамды талкуулоо учурунда, көпчүлүк эл жеке камсыздандыруучу компаниялар жок болуп кетет деп кооптонушканын билдирди. Андыктан, аталган мыйзамды өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу зарылчылыгын айткан Дастанбек Жумабеков: “Бул үчүн жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Азырынча көпчүлүк кыргызстандыктар өз турак-жайларын камсыздандырууга даяр эмес. Бирок, биз бул тажрыйбаны ишке ашырышыбыз абзел” – деп кошумчалады.

Ошондой эле жыйын учурунда “Бишкек” Эркин экономикалык аймагында иштөө шарттары тууралуу түзүлгөн келишимге карабай, айрым субъектилердин ишмердүүлүгү үчүн төлөмдөр жогорулатылгандыгына байланышкан маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин мүчөлөрү бир катар маанилүү сунуштарды берип, тиешелүү чечимдерди да кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий