• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумабеков Чүй облустук “Жаш майыптар коомуна” материалдык жардам көргөздү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Сокулук районундагы Чүй облустук “Жаш майыптар коомунун” иш-аракеттери менен таанышып чыкты. Аталган иш-чарага КРдин Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери жана жаш майыптар коомунун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган Чүй облустук жаш майыптар коомунун өкүлдөрү буга чейин Жогорку Кеңештин Төрагасына жардам сурап кат түрүндө кайрылышкан. Ошондон улам Төрага Сокулук районуна майыптар күнүнө карата жумушчу сапары менен барып алардын чакан ишканасынын иши менен таанышып, майыптар үчүн курула турган үйдүн ордун көрүп, долбоорлоо документтерин Төраганын фондунун эсебинен бүткөрүп берүүнү убада кылды.

“Менин атыма Сокулук районунда жайгашкан жаш майыптар коомунун директору Эрнист Мыктыбек уулунан кайрылуу каты келип түштү. Ал катты окуп чыгып, чын ниеттен жардам берүүнү чечтим. Маалыматта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ишканада талыкпай эмгектенип, ушул жашоо менен күрөшүп, өздөрүн багууга багытталган иштерин көрсөткөн. Ошол эле учурда ишканадагы өкүнүчтүү абал жазылган”, - дейт Дастанбек Жумабеков.

Иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өз колунан жасалган буюм-тайымдарды көргөзмөсү өттү. Төрага Дастанбек Жумабеков көргөзмөгө катышып, замандаштарын колдоо иретинде соода кылды. Ошондой эле, тигүү цехинде иштеген тигүүчү айымдардан Төрага үчүн жеке пальто тигип берүүлөрүн суранды.

Жолугушууда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата майыптарга чакан белектерин тапшырып, 165 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий