• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков ЕККУ ПАнын төрагасы жана башкы катчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) төрагасы Георгий Церетели жана башкы катчысы Роберт Монтелла менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди бекемдөө жаатында пикир алышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, жолугушуу жүрүшүндө мурдатан кабарланган ЕККУ ПАнын күзгү сессиясынын алкагында өтө турган “Борбор Азия жана анын тышындагы аймактардын коопсуздук чөйрөсүндөгү диалоду колдоо” темасындагы парламенттик конференциянын программасы да талкууга алынды.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПА парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат. Анын алкагында шайлоолорго байкоо салуу менен саясат, коопсуздук, экономика, айлана-чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

Пикир

Оставить комментарий