• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жумабеков Эстония Рийгикогусунун төрагасы Эйки Нестор менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.18. /Кабар/. Кечээ, 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Эстониядагы расмий иш сапардын алкагында, Рийгикогу Төрагасы Эйки Нестор менен жолугушту.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков Эстониянын эгемендүүлүгүнүн 100 жылдык маарекесине туура келген бул расмий иш сапар символикалуу мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Кыргызстан менен Эстониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык маселесине токтолгон Жогорку Кеӊеш Төрагасы, парламенттер аралык байланыштар да жагымдуу шартта өнүгүп жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Дастанбек Жумабеков биргелешкен аракет менен эки өлкөнүн парламенттери эки элдин өз ара байланышын өнүктүрүп, чыӊдай аларын айтты. Муну менен катар Эстония тарапка санарип мамлекетти курууга көрсөткөн көмөгү үчүн тереӊ ыраазычылык билдирди.

"Эстония - санарип коом жаатында алдыӊкы өлкөлөрдүн бири. Бул жааттагы Эстониянын тажрыйбасы бизди өтө кызыктырат. Анткени азыркы учурда "Түндүк" электрондук өкмөт долбоорун жана "Электрондук консул" программалык өндүрүшүн Кыргызстанда ишке киргизүү боюнча биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгы жигердүү уланууда", - деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага аталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып баруусу жогорулатылып, бюрократия азайтыларына жана алардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы эффективдүү күрөш жүргүзүлөрүнө ишенерин билдирди.

Ал эми экономикалык кызматташтык маселесине да кайрылган Жогорку Кеӊеш Төрагасы Кыргызстан менен Эстониянын соода-экономикалык байланышын кеӊейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан сырткары ал Кыргызстанда улуттук кызыкчылык жана тараптардын өз ара пайдасын эске алуу менен инвесторлор үчүн либералдык шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.

Кыргызстан Европа биримдигине кирген өлкөлөргө бажы төлөмүсүз алты миӊ аталыштагы товарды ташууга мүмкүнчүлүк түзгөн Жалпы преференциялар + системасы (ВСП+) макамына ээ экенин эске салган Төрага, бул жагдай эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышынын өнүгүшүнө өбөлгө болорун кошумчалады. Андан тышкары, кызматташтыктын приоритеттүү тармактары катары билим берүү, маданият, маалыматтык технологиялар, телекоммуникация, курулуш, туризм, токой жана балык чарба сыяктуу багыттарды атап өттү.

Өз кезегинде Эстония Республикасынын Рейгикогусунун Төрагасы Эйки Нестор таанышып, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулого түзүлгөн шарт үчүн кубанганын билдирди.

"Эки өлкөнүн парламенттери жана Өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн байланыштар, Кыргызстандын бизге жакын экенин көрсөтүүдө. Алаканы кеӊейтип, кызматташтыкты арттыруу багытындагы бардык сунуштарды колдойм. Анын ичинен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин кошумчалап, Кыргызстан жаштарын биздеги жогорку окуу жайларда окуй ала тургандыгын билдирем" - деди Эйки Нестор.

Андан тышкары, Эйки Нестор парламент ичиндеги документтерди электрондук түрдө жүгүртүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, Рейгикогунун ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырды. Ошондой эле парламентке өткөн партиялар тууралуу маалымат берип, мыйзам чыгаруу процесси жөнүндө да айтып берди.

Жолугушуунун соӊунда Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Рейгикогу Төрагасы Эйки Несторду Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, расмий сапарда Төраганы коштоп жүргөн депутаттар: Динара Исаева («Республика –АтаЖурт»), Эльвира Сурабалдиева (СДПК), Абылкайыр Узакбаев («Өнүгүү-Прогресс»), Талайбек Масабиров («Кыргызстан»), Дүйшөн Торокулов («Бир Бол»).

Пикир

Оставить комментарий