• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда сөз сүйлөдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна катышып, анын жүрүшүндө сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна 65 өлкөнүн делегациялары катышууда. Анын ичинде 41 делегацияны спикерлер жетектеп барган. Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын биринчи отуруму 2016-жылы Москва шаарында (Россия), экинчиси 2017-жылы Сеул шаарында (Түштүк Корея), ал эми үчүнчү отуруму 2018-жылы Анталия шаарында (Түркия) өткөн. Бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп туруу демилгеси Россия Федерациясы менен Түштүк Кореяга таандык.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз сөзүндө кеӊешмеге көптөгөн парламенттердин өкүлдөрү катышып жатышы парламенттер аралык пикир алышуунун зарылдыгын туюндуруп турганын, Чоӊ Евразияны куруу идеясы дүйнөлүк коомчулуктун кызыгуусун туудуруп жатканын билдирди.

Жумабеков колдо турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууда, Евразия экономикалык биримдигинин, Жибек жолу экономикалык алкагын жана Европа биримдигин бирдиктүү интеграциялык долбоорго бириктирүү - туруктуу жана коопсуз дүйнө курумунун мыкты үлгүлөрүнүн бири болоруна токтолду.

«Соода мамилелерин либералдаштыруу, транспорттук-транзиттик инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү, жаӊычыл жана индустриалдык кызматташтык алакаларды арттыруу биздин өлкөлөрдүн өнүгүү деӊгээлиндеги айырмачылыктарды азайтууга, трансконтиненталдык жана деӊиз жолдоруна чыгууга жол ачат. Мындай чаралар аймактык мүнөздөгү көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилишине жана Евразиянын глобалдык коркунучтар менен чакырыктарды азайтуудагы ролунун жогорулашына мүмкүнчүлүк түзөрү бышык», - деп, Дастанбек Жумабеков Чоӊ Евразияны куруу идеясын ишке ашыруу – колдон келе турган нерсе экенин белгиледи.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов, Нодирбек Каримов бар.

Пикир

Оставить комментарий