• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жумабеков Германиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Кечээ, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди кабыл алды, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Төрага Дастанбек Жумабеков элчи Моника Иверсенди дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталгандыгы менен куттуктап, эки тараптуу кыргыз-герман алакалары бекем пайдубалга ээ экендигин белгиледи.

Ошондой эле Төрага парламенттик демократияны күчтөндүрүүдө, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жаңыланууларды ишке ашырууда жана жарандык коомду өнүктүрүүдө Германия Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирди.

“Биздин өлкө демократиялык мамлекет катары алга карай кадамын ишенимдүү улантып келет. Кыргызстандын жогорку жетекчилеринин 2012, 2015 жана 2017-жылдардагы Германияга жасаган бир катар ийгиликтүү иш сапарлары жана 2016-жылы ГФРнын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келиши эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын бийик деңгээлге көтөрүлүшүнө өбөлгө болду”,– деп кошумчалады Төрага.

Мындан сырткары, Дастанбек Жумабеков Германия өкмөтүнө Кыргызстандагы экономикалык реформаларга жана демократиялык жаңыланууларга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Парламенттик демократияны чыңдоо маселелери боюнча германиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашып, кызматташууга кыргыз парламенти кызыкдар экенин айткан Төрага, ЕККУ жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеяларынын алкагында да өз ара байланыштарды өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду. Өз кезегинде Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирип, Германия өкмөтү Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү көздөп жатканын белгиледи. Андан тышкары, Дастанбек Жумабековдун көңүлүн парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө бурду. Бул жаатта Конрад Аденауэр, Фридрих Эберт жана Ханнс Зайдель атындагы германиянын саясий фонддору менен биргеликте тиешелүү иштер жасаларын кошумчалады.

Ошондой эле “Бишкек шаарында күздө өтө турган ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын кезектеги жыйынына Бундестагдан да өкүлдөр жигердүү катышат”, – деп маалымдады элчи Моника Иверсен.

Пикир

Оставить комментарий