• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жумабеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Муртазалиевди энчилүү саат менен сыйлады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдрахман Муртазалиевди энчилүү саат менен сыйлады.

Абдрахман Муртазалиевди жеңиши менен куттуктаган төрага Дастанбек Жумабеков, спортчулардын талыкпаган эмгегинин арты менен эл аралык деңгээлдеги таймаштарда жана дүйнөлүк чемпионаттарда Кыргызстандын желеги бийикте желбиреп жатканына токтолду. Ошондой эле төрага акыркы учурларда жаштар спортко өзгөчө көңүл буруп, мамлекет да аймактарды жаңы спорттук комплекстер менен камсыздоону колго алганын белгиледи.

Белгилей кетсек, кичинекейинен спортко кызыккан Абдрахман Муртазалиев бир тууганы менен бирге “Kyrgyzstan Top Team” академиясында машыгып келет.

Жолугушуунун алкагында Дастанбек Жумабеков спортчуга ийгиликтерди каалап, мындан ары да жеңиштерди багынта беришин тиледи.

Пикир

Оставить комментарий